Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Франциялык экономист: РФке каршы санкциялар Европада тополоңду шарттайт

Россия Батыш өлкөлөрүнө газ жеткирүү үчүн төлөмдөр рублге которулганын жарыялаган соң ЕБ анын газынан баш тарта турганын айтып чыккан.
Sputnik
БИШКЕК, 19-апр. — Sputnik. Россия газына чектөө киргизүү Европанын жашоо деңгээлин төмөндөтүп, бардык жерде тополоң жаратышы мүмкүн. Бул тууралуу франциялык саясат таануучу жана экономист Александр дель Валлга шилтеме берип РИА Новости жазды.
Анын пикиринде, Евробиримдик Россиядан көгүлтүр от алууга тыюу салып койсо, Европа бир топ алдан тайып калышы толук ыктымал.
"Украинадагы атайын операцияга байланыштуу Батыштын санкциялары тез эле адамдар үчүн азапка айланат. Алар үйлөрүн жылыта албай, сатып алуу жөндөмдүүлүгү кескин төмөндөгөндөн кийин бардык жерде башаламандыктар башталат", — деди дель Валль.
Экономист эгер Европа өлкөлөрү эң коопсуз жана арзан газдан баш тарта турган болсо, чоң ката кетирген болот деген ойдо.
"Негизги азык-түлүк тартыштыгы буудайдын баасынын көтөрүлүшү менен башталат. Азыр бир гана буудай эмес, суу май жана жер семирткичтердин жетишсиздиги күч алып турат. Бул нерсе дагы көйгөйгө кошул-ташыл болот", — деди адис.
Эске салсак, 24-февралда Россия Украинада атайын операциясын баштаган. Буга жооп катары Батыш өлкөлөрү Москвага каршы ири санкцияларды киргизип, бул биринчи кезекте банк секторуна жана жогорку технологиялык товарларды жеткирүүгө таасирин тийгизген. Жеке бренддер өлкөдө ишин токтоторун жарыялашкан.
Кремль бул чараларды экономикалык согуш деп атады. Россия бийлиги окуялардын мындай өнүгүшүнө даяр экендигин баса белгилеп, мындан ары да социалдык милдеттенмелерди аткара берерин айткан. Ошондой эле Батыш өлкөлөрүнө газ жеткирүү үчүн төлөмдөр рублге которулганын жарыялаган.
Мындан улам Европанын айрым өлкөлөрү Россиянын энергия ресурстарынан акырындык менен баш тарта турганын айтып, бирок азырынча анын ишке ашуусу кыйын экенин моюндап келишет.
Берлин сланец газын өндүрүүдөн баш тартып, Россиядан көз карандылыгын моюндады