Чүйдүн талааларына "кол салган" курттар. Айыл чарба министрлиги эмне дейт?

Соцтармакка айыл чарба өсүмдүктөрүн каптап кеткен курттардын видеосу чыккан.
Sputnik
БИШКЕК, 19-апр. — Sputnik. Чүйдүн талааларында пайда болгон белгисиз курттар чернотелка коңузу экени аныкталды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги кабарлады.
Маалыматка караганда, Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментинин адистери апрель айында Чүй облусунда массалык түрдө чыгып, өсүмдүктөргө зыян келтирип жатат деген курттардын видеосун изилдеп чыгышкан.
"Бул курттар катуу канаттуулар түркүмүнө кирген чернотелка коңузу (лат. Tenebrionidae). Аталган коңуздар айыл чарба өсүмдүктөрүнүн зыянкечи катары саналбайт. Бирок ар-бир 12-14 жылда бул коңуздар массалык түрдө пайда болуп, өсүмдүктөрдү жабыркаткан учурлар катталат", — деп айтылат маалыматта.
Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаменти эгер айыл чарба өсүмдүктөрү эгилген аянттан мындай коңуздар чыкса пиретриод классындагы (Талстар, Каратэ, Фастак, Суми-альфа, Децис ж. б.) инсектициддерди колдонууну сунуштайт.
Пресс-борбор
Кыргызстан РФ товарларын башка өлкөлөргө реэкспорттоочу борбор болушу мүмкүн