Чаткал районунда заманбап Калкты тейлөө борбору ачылат. Сүрөт

Тейлөө борбору ачылса райондун 31 миңден ашуун калкына ыкчам кызмат көрсөтүлө турганы белгиленди.
Sputnik
БИШКЕК, 19-апр. — Sputnik. Жалал-Абаддын Чаткал районунун борбору Каныш-Кыя айылында заманбап Калкты тейлөө борбору ачылат. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абаддагы өкүлчүлүгү билдирди.
1 / 2

Жалал-Абаддын Чаткал районунун борбору Каныш-Кыя айылында заманбап Калкты тейлөө борбору ачылат

2 / 2

Ага ылайык, Калкты тейлөө борбору үчүн райондук маданият үйүнүн имаратынын бир бөлүгү оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, пайдаланууга берилген

Ага ылайык, Калкты тейлөө борбору үчүн райондук маданият үйүнүн имаратынын бир бөлүгү оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, пайдаланууга берилген. "Инфоком" мамлекеттик ишканасы калган ички жабдыктарын орнотуп, штаттык бирдигин чечип бермекчи.
Мекемеге жергиликтүү бюджеттен 2,5 миллион сом жумшалган.
Тейлөө борбору ачылса райондун 31 миңден ашуун калкына ыкчам кызмат көрсөтүлө турганы белгиленди.
Калкты тейлөө борборунда пенсияга байланышкан кызматтар көрсөтүлө баштады