Бишкек мэриясы оңдоп жаткан жолдор менен тротуарлар

Мэрия шаардын көчөлөрүнүн кесилиштеринде жол белгилерин алмаштыруу, орнотуу иштери жүрүп жатканын кошумчалады.
Sputnik
БИШКЕК, 19-апр. — Sputnik. Бишкек мэриясы ушу тапта кайсы көчөлөр менен тротуарлар оңдолуп жатканын айтты.
1 / 3

Бишкек мэриясы ушу тапта кайсы көчөлөр менен тротуарлар оңдолуп жатканын айтты

2 / 3

Мэрия шаардын көчөлөрүнүн кесилиштеринде жол белгилерин алмаштыруу, орнотуу жана жолдордогу чуңкурларды жамоо иштери жүргүзүлүп жатканын кошумчалады

3 / 3

Бишкек мэриясы оңдоп жаткан жолдор менен тротуарлар

Тизме:
Манас проспектинин Жибек Жолу проспектинен Ахунбаев көчөсүнө чейин тротуарларды оңдоо иштери жүрүүдө;
Дыйкан көчөсүндө жолду асфальттоо иштеринин 70 пайызы бүттү. Калган бөлүгүнө асфальт төшөө иштерине даярдыктар көрүлүүдө;
Таттыбүбү Турсунбаева атындагы сейил бактын таман ташы алмаштырылат. Ал үчүн тротуарлар даярдалып, ирригациясы алмаштырылды;
Мыскал көчөсүндө жол иштери 60 пайызга бүттү;
Алтын-Ордо-3 көчөсүндө (Алтын-Ордо жаңы конушу) жолго асфальт төшөө иштери аяктап, жолдун эки тарабына сугат лотоктору салынып бүттү. Азыр чыгыш тарабында тротуар куруу иштери жүрүп жатат.
Мэрия шаардын көчөлөрүнүн кесилиштеринде жол белгилерин алмаштыруу, орнотуу жана жолдордогу чуңкурларды жамоо иштери жүргүзүлүп жатканын кошумчалады.
Бишкектин батышындагы көчөлөр оңдоо үчүн жабылды