БИШКЕК, 19-апр. — Sputnik. Бишкек мэриясынын маалымат кызматы ордо калаада республикалык бюджеттин эсебинен курулуп, оңдоп-түзөөдөн өтүп жаткан мектептердин тизмесин жарыялады.
Жаңы салынып жаткан мектептер:
Алтын-Ордо конушунда жаңы мектептин курулушу уланууда. Анда биринчи блоктун үчүнчү кабаты көтөрүлүп, үчүнчү блоктун дубалы тургузулууда. Мектеп 480 орунга ылайыкташкан;
Мурас-Ордо жаңы конушунда 660 орунга ылайыкташылган мектептин курулушу уланып жатат. Азыркы учурда үч блоктун ичи шыбалып, откана жана сырткы даараткананы куруу иштери жүрүүдө;
Ак-Бата конушундагы 651,71 чарчы метр аянтты ээлеген №43 орто мектепке кошумча имарат курулуп жатат;
Рухий-Мурас конушунда 700 орундуу мектептин курулушу улантылууда;
Көлмө жаңы конушундагы 380 орундуу мектепти курууга тендер жарыяланды.
Оңдоп-түзөөдөн өтүп жаткан мектептер:
Капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан №10 жана №76 орто мектептерде капиталдык оңдоо иштери улантылууда;
№10 орто мектепте демонтаждоо иштери жүрүүдө.
Мектептердеги капиталдык оңдоо иштерин "Аргын курулуш", "Арай" ЖЧКлары жүргүзүп жатканы айтылды.