БИШКЕК, 19-апр. — Sputnik. АКШнын биринчи айымы Жилл Байден Жозеф Байденге элге кайрылып бүткөндөн кийин кол булгалап коштошуу керектигин айтып, көмөктөшкөнүн ЖМКлар жазды.
Окуя католиктердин Пасхасы менен элди куттуктаган майрам учурунда болгон.
Президенттин жары микрофон күйүп тургандыгын элес албай калган. Жилл Байден толкунданып кетип, коштошпой калган күйөөсүнө "колуңду булгала, колуңду булгала" дегени түз эфирге чыгып кеткен.
15-апрелде конгрессчи аял Маржори Тейлор-Грин Байден бош турган жер менен учурашууга кылган аракети үчүн импичмент жарыялоо туурасында айткан.
Видеого Түндүк Каролинада чыгып сүйлөгөн учурдан кийин элге көрүнбөгөн бирөө менен "учурашканы" видеого түшүп калган.
Акыркы учурда Байден сүйлөп жатып туура эмес айтып алган учурлары арбыды. Мисалы, вице-президент Камала Харристи президент деп алса, Россия лидери Владимир Путиндин фамилиясынан, "вакцинация" менен "эскалация" сөздөрүнөн жаңылган. Сирияны Ливия, Иракты Иран менен алмаштырып алганы бар.