Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Псаки: Байдендин Украинага аскер жөнөтүү ниети жок

Ак үйдүн расмий өкүлү Жен Псаки Демократиялык партиянын мүчөсү Крис Кунстун Вашингтон Украинага армия жөнөтүү маселесин карашы керек деген билдирүүсү боюнча комментарий берген.
Sputnik
БИШКЕК, 19-апр. — Sputnik. АКШ президенти Жо Байдендин баштапкыдай эле Украинага Американын аскерлерин жөнөтүү ниети жок. Бул тууралуу Ак үйдүн расмий өкүлү Жен Псаки билдиргенин РИА Новости жазды.
"Өлкө башчы жана анын администрациясы мурдагыдай эле Россия менен согуш жүргүзүүгө аскер жөнөтүү планы жок. Ал муну америкалыктардын же эл аралык коопсуздуктун кызыкчылыгына туура келет деп эсептебейт", — деген Псаки.
Ал Демократиялык партиянын мүчөсү Крис Кунстун "Вашингтон Украинага аскер жөнөтүү маселесин карашы керек" деген билдирүүсү боюнча комментарий берген. Ак үйдүн өкүлү Байден сенатор менен достук мамиледе экенин, бирок анын бул пикирине кошулбай турганын айткан.
"Биз тарыхта болуп көрбөгөндөй ири коргонуу жардамын көрсөтүүгө басым жасайбыз", — деген Псаки.
Россия Украинадагы атайын операцияны 24-февралда баштаган. Владимир Путин анын максаты "сегиз жылдан бери Киев режиминин басмырлоосуна, геноцидине кабылып келгендерди коргоо" экендигин айткан. Бул үчүн "Украинаны демилитаризация жана денацификация" жасап, Донбасстагы "жай жашоочулардын канына забын болгондорду" аскер сотуна берип, жоопкерчиликке тартуу пландалып жаткандыгын белгилеген.
Россиянын Коргоо министрлиги куралдуу күчтөр соккуну Украина тараптын аскердик инфраструктуралары менен күч түзүмдөрүнө уруп жаткандыгын, жай жарандарга багытталбагандыгын билдирип келет.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Песков: Россия Батыш менен кармашта туруштук бере алат