Далысын тийгизип... Жоламандын агасы Тынар Шаршенбеков финалга чыккан видео

Шаршенбеков финалда казакстандык Мейрамбек Айнагулов менен кармашат. Казак балбаны Азия жана дүйнө чемпионаттарынын байге ээси.
Sputnik
БИШКЕК, 19-апр. — Sputnik. Монголияда болуп жаткан Азия чемпионатында Жоламан Шаршенбековдун бир тууган агасы Тынар Шаршенбеков финалга чыкты. Кармаштын жыйынтыгы Бириккен күрөш уюмунун (UWW) сайтында көрсөтүлдү.
Шаршенбеков килемде 63 килограмм салмактагылар арасында күрөшөт. Чейрек финалда индиялык Нирай Нирайды 10:4 упай менен, жарым финалда өзбекстандык Исломжон Бахрамовду 13:7 упай эсебинде жеңген.
Ал финалда казакстандык Мейрамбек Айнагулов менен кармашат. Казак балбаны Азия жана дүйнө чемпионаттарынын байге ээси. Токио Олимпиадасынын катышуучусу.
25 жаштагы Тынар Шаршенбеков — дүйнө чемпиону Жоламан Шаршенбековдун бир тууган агасы. Иниси да бүгүн күрөшмөкчү.
Азиянын күчтүү спортчуларын чогулткан мелдеш Монголиянын Улан-Батор шаарында өтүп жатат.
Акжол Махмудов Азия чемпионатынын финалына чыкты. Атаандашы ким?