Ашыкча салмак гипертрофиялык (майдын салмагынын көбөйүшү) жана гиперпластикалык (май клеткаларынын көбөйүшү) болуп бөлүнөт. Май клеткалары адамдын терисинин алдында. Бул организмди ар кандай сырткы таасирлерден коргойт. Эгер май калыңдаса, анча деле коркунуч жаралбайт. Бирок адамдын ички органдарын май басып кеткени өтө кооптуу. Анткени бул учурда ички органдардын бири да калбай жабыркайт. Бул тууралуу Сагынбек Уезбаев Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, ашыкча салмактагы адамдар эрте картаят.
"Семирүүнүн жана ашыкча салмактын негизги себеби — бул энергетикалык дисбаланс. Мында тамактын калориялуулугу организмдин энергия муктаждыгынан ашып кетет. Дүйнө жүзү боюнча жогорку калориялуу тамак-аш менен тамактануу, көп жумуштарды отуруп, кыймылсыз иштөө, урбанизациянын күчөшүнө байланыштуу кыймылдын азайышы сыяктуу тенденциялар байкалууда. Бул ашыкча салмакты шарттайт. Андан тышкары, уйку режиминин бузулушу, гормоналдык оорулар, дары-дармектер да салмактын кошулушун шарттайт. Дене салмагынын индексинин жогорулашы инфекциялык эмес оорулардын негизги себептеринин бири болуп саналат. Андыктан салмактын бойго дал келишин көзөмөлдөп туруу зарыл. Ашыкча салмактын кесепетинен өлүмдүн негизги себеби болгон жүрөк-кан тамыр оорулары, кант диабети, муундардын оорусу, кээ бир онкологиялык оорулар келип чыгат. Адам бир килограмм ашыкча салмак кошсо, кан тамыры 1,5 чакырымга узарат. Мында ар бир клеткага кычкылтек жеткириш үчүн организм толугу менен иштеп, жыйынтыгында жүрөккө жана башка органдарга күч келет. Ошондуктан дайыма ашыкча салмакта жүргөн адамдар эрте картаят. Себеби 40-50 жашында ар кандай өнөкөт оорулары пайда болуп, организми жалпак тил менен айтканда чарчап калат", — деди Уезбаев.
Ал күнүмдүк рациондон май, шекерди алып салуу менен тамактын калориясын азайтып, жашылча-жемишти жана кыймылды көбөйтүп ашыкча салмактын алдын алса болорун кошумчалады.