Ысык-Көлдө салбурун фестивалы өттү. Кызыктуу оюндан сүрөттөр

Sputnik
БИШКЕК, 18-апр. — Sputnik. Дем алыш күндөрү Ысык-Көл облусунун Бөкөнбаев айылынын жака-белинде "Салбурун-2022" фестивалы өттү.
1 / 8

Дем алыш күндөрү Ысык-Көл облусунун Бөкөнбаев айылынын жака-белинде "Салбурун-2022" фестивалы өттү

2 / 8

Бишкектик фотограф Владислав Ногай салттуу жаа атуу, тайган жарыш, бүркүт жана куш салуу менен коштолгон оюндардын кызыктуу ирмемдерин кадрга түшүргөн

3 / 8

Фестивалда улуттук оюндар уюштурулуп, ат чабышка дагы чыгышкан

4 / 8

Салбурун — алгыр куш жана тайган салуу менен коштолгон кыргыз элинин комплекстүү аңчылык оюну

5 / 8

Бүгүнкү күндө кыргыздын салбуруну Англия, Франция, Сауд Аравия, Дубай, Катар, Голландия, Бутан, АКШ, Монголия, Казакстан мамлекеттеринде өткөрүлгөн эл аралык фестивалдарга катышып дүйнөгө таанылууда

6 / 8

Мындан сырткары, "Бүткүл дүйнөлүк мүнүшкөрлөрдүн ассоциациясына" мүчө болуп кирип, анын форуму 2017-жылы Ысык-Көлдө өткөн

7 / 8

Ысык-Көлдөгү "Салбурун-2022" фестивалы

8 / 8

Ысык-Көлдөгү "Салбурун-2022" фестивалы

Бишкектик фотограф Владислав Ногай салттуу жаа атуу, тайган жарыш, бүркүт жана куш салуу менен коштолгон оюндардын кызыктуу ирмемдерин кадрга түшүргөн. Фестивалда улуттук оюндар уюштурулуп, ат чабышка дагы чыгышкан.
Салбурун — алгыр куш жана тайган салуу менен коштолгон кыргыз элинин комплекстүү аңчылык оюну.
Бүгүнкү күндө кыргыздын салбуруну Англия, Франция, Сауд Аравия, Дубай, Катар, Голландия, Бутан, АКШ, Монголия, Казакстан мамлекеттеринде өткөрүлгөн эл аралык фестивалдарга катышып дүйнөгө таанылууда. Мындан сырткары, "Бүткүл дүйнөлүк мүнүшкөрлөрдүн ассоциациясына" мүчө болуп кирип, анын форуму 2017-жылы Ысык-Көлдө өткөн.
ДКО салбуурунду кандай эрежеде өткөрөт? Бүркүт салуу, далба ойнотуу, тайган жарыш