Тоңдогу зыпылдаган жебе, Кытайдагы түркүн-түстүү балыктар. Апта ирмеми

Түштүк Африкадагы суу ташкыны, Ким Ир Сендин туулган күнү, Каабада сыйынган эл... Sputnik өткөн аптадагы маанилүү делген окуялардын сүрөтүн топтоду.
Sputnik
1 / 14

Пхеньяндагы аянтта Ким Ир Сендин 110 жылдыгына карата салтанат болду. Майрам корей тилинен которгондо "Күндүн күнү" деп аталат

2 / 14

Абдылас Малдыбаев атындагы Опера жана балет театрында өткөн "Дүйнөнү өзгөрткөн аялзат" сынагынын катышуучусу. Анын башкы максаты — аялдын статусун арттыруу жана өлкөнүн өнүгүшүнө кошкон салымын көрсөтүп, коомчулуктун көңүлүн буруу болгон. Сынакты дүйнөдөгү биринчи учкуч аял Валентина Терешкованын 85 жылдык юбилейине арнашты

3 / 14

Жергиликтүү жашоочулар Мариуполдун аймагындагы көчөдө

4 / 14

"Улуттук биримдик" деп аталган оңчулдар партиясынан Франция президентине талапкер Марин Ле Пен шайлоонун экинчи турунда. Добуш берүүнүн жыйынтыгында Марин Ле Пен добуштардын 23,15 пайызын алды. Франция президентин шайлоонун экинчи туру 24-апрелде өтөт

5 / 14

Чиангмайдагы (Таиланд) балык ресторанына келгендер сүзүп жүргөн түркүн түстүү карптарга кызыгуу менен көз салып турушат

6 / 14

Донецк Эл Республикасындагы кварталдардын биринде тартылган сүрөт

7 / 14

Президент Садыр Жапаров президенттин администрациясынын болочоктогу имаратынын курулушуна капсула салды. Жаңы имарат мурда түрттүрүлгөн "Ысык-Көл" мейманканасынын ордуна түшмөкчү

8 / 14

Асман менен жердин ортосунда. Аркан менен басып бара жаткан франциялык дарчы кыз. Швейцариянын Веве шаары

9 / 14

Ирактын Насирия шаарындагы кумдуу бурганакта кетип бара жаткан автоунаалар

10 / 14

Беловодское аймагындагы №16 түзөтүү колониясынын кинологдору машыгуу учурунда. "Кылмышкерди" буйдалтпай кармаган овчарка

11 / 14

Дурбандагы (Түштүк Африка) суу каптаган мечиттин урандыларын тазалап жатышат. Бул суу ташкындан 300 адам жабыркап, чукул кырдаал жарыяланган

12 / 14

Орозо учурунда Каабада сыйынып жаткан мусулмандар. Быйыл Орозо айы 2-апрелде башталган. Орозо айт Айдын чыгышына карап, 1 же 2-майда болушу мүмкүн

13 / 14

"Салбурун-2022" Ысык-Көлдүн Тоң районунда өттү. Жаа аткан кыз

14 / 14

Кызыл аянттын күн батып бара жаткандагы көрүнүшү

Тема боюнча:
Көпүрө куруп, темир жол салган кыргыздар. Өндүрүш жанданган тарыхый ирмемдер
Табият фотографтардын көзү менен. Эл аралык сынактагы мыкты 15 сүрөт
Апта ирмеми: деңиз жээгинде чайынган кыздан талкаланган ракетага чейин