БИШКЕК, 18-апр. — Sputnik. Тажикстан Кыргызстан менен чек арасын тезирээк тактап бүтүүгө кызыкдар. Бул тууралуу өлкө башчы Эмомали Рахмон Исфаранын жашоочулары менен жолукканда билдиргенин Sputnik Тажикстан жазды.
Рахмон эки мамлекеттин ортосундагы 972 чакырым чек ара тилкесинин 660 чакырымы (68,4 пайызы) такталып, макулдашканын билдирген. Мындан тышкары, Кыргызстан менен Тажикстандын талаштуу жерлерди тактоо боюнча жумушчу топтору да ондогон жолугушууларды өткөргөнүн белгиледи.
"Чек ара маселесин чечүү эки тараптан тең күч-аракетти, убакытты жана адистердин көмөгүн талап кылган оор процесс. Тажикстан эки тараптын тең улуттук кызыкчылыктарын эске алуу менен маселени чечүүнүн жолдорун табуу үчүн сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнү колдойт", — деген Рахмон.
Президент Исфаранын тургундарын кошуналар менен түшүнүшүп жашоого жана эмоцияга алдырбоого чакырды.
"Дагы бир жолу кайталайм, мамлекеттер ортосундагы чек ара маселе сүйлөшүүлөр аркылуу гана чечилиши мүмкүн", — деген ал.
Буга чейин президент Садыр Жапаров Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда чек ара тилкелерин тактоо иштери жай жүрүп жатканын билдирген. Президент иштин кечеңдешине талаштуу жерлер себеп экенин, маселе эки тараптуу кызыкчылыкты эске алуу менен чечиле турганын айткан.