Шейшембиге карата аба ырайы

19-апрелге караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 18-апр. — Sputnik. Шейшембиде күндүз тоолуу райондордо кар жаайт, дыйканчылык аймактарда күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүйдө +21...+26, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарында +20...+25, Ош, Жалал-Абад жана Баткен аймактарында +23...+28 градус ысык болот.
Ош жана Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүн табы Ош шаарында +25...+27, борбор калаада +22...24 градуска чейин көтөрүлөт.
Бишкектин Эркиндик бульварынын бир тарабына машина токтотууга тыюу салынды