Пресс-борбор

ЕАЭБдеги рубль менен эсептешүүнүн үлүшү 76%га жетти

Адис белгилегендей, учурда бардык тарапты мамлекеттер ортосундагы эсептешүү жана рублге өтүү маселеси ойлондуруп жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 18-апр. — Sputnik. Өткөн жылдын жыйынтыгы боюнча ЕАЭБ мамлекеттеринин рубль менен эсептешүүсүнүн үлүшү 76 пайызга жетти. Бул тууралуу Евразия экономикалык комиссиясынын министри Андрей Слепнев Sputnik агенттигинин маалымат борборунда сүйлөп жатып билдирди.
Анын айтымында, учурда бардык тарапты мамлекеттер ортосундагы эсептешүү жана рублге өтүү маселеси ойлондуруп жатат.
"Учурдагы база жаман эмес. Өз ара соодалашуу боюнча өткөн жылдын жыйынтыгында рублдин үлүшү 76 пайызды түздү. Мындай эсептешүүлөр уланышы үчүн бул багытта кошумча чаралар көрүлүүдө", — деди Слепнев.
Ал ошондой эле ЕАЭБдин пошлинаны бөлүштүрүү боюнча келишимине өзгөртүүлөр киргизилерин кошумчалады. Бул нерсе мамлекеттер аралык эсептешүүлөр доллар менен гана эмес, рубль менен дагы жүргүзүлүшүнө шарт түзөт.
ЕАЭБде товар ташуу түйшүгүн жеңилдеткен бир катар чечимдер кабыл алынды. Тизме