Британияда Россиядан жыгач алууга тыюу салынгандан бери эмерек кымбаттады

Учурда Британияда эмерек 17 пайызга кымбаттады, ал эми инфляция Украинадагы кырдаалдан бери 7 пайызга жетти.
Sputnik
БИШКЕК, 18-апр. — Sputnik. Улуу Британияда Россия менен Беларустан жыгач алууга тыюу салынгандан бери эмерек кескин кымбаттады. Бул тууралуу Guardian гезити жазды.
Эмерек чыгарган Whitemeadow компаниясынын аткаруучу директору Ян Оскрофттун айтымында, бир дивандын баасы Британия Евробиримдиктен чыккан убакытка чейинки мезгилге салыштырмалуу 25 пайызга өстү.
"Токой чарба кеңеши Россиядан жыгачтын импорттолушуна тыюу салганы бир четинен туура. Бирок бул жыгач ташыган башка мамлекеттерге басымды күчөттү жана материалдын кымбатташына алып келди", — деп жазган басылма.
Британиянын эмерек чыгаруучулар бирикмесинин башкаруучу директору Шон Холт ишкерлер материалдын мынча кымбатташына кабылган эмес.
"Соңку эки жылда материалдын баасы өскөнү байкалууда, бирок акыркы жумаларда кырдаал кескин курчуду. Товардын наркы 100 пайызга көтөрүлүшү таң калычтуу деле болбой калды. Азыр электр энергиясына баанын өсүшүн эсепке албаганда эле ушундай болууда... Биздин ассоциациянын мүчөлөрү алдыдагы айларда баа дагы өсөрүн айтып жатат", — деген Холт.
Учурда Британияда эмерек 17 пайызга кымбаттады. Ал эми инфляция Украинадагы кырдаалдан бери 7 пайызга жетти, бул акыркы 30 жылдагы рекорддук көрсөткүч.
Россиянын Украинаны демилитаризация жана денацификациялоо боюнча атайын операциясы башталгандан тарта Батыш Москвага санкция боюнча басымын катуулатты. Чектөө биринчи иретте банк системасы менен жогорку технологиялык продукцияларды ташып келүү жолдоруна коюлду. Европада россиялык энергоресурстарга көз каранды болууну азайтуу боюнча чакырыктар айтыла баштаган. Бирок мунун баары Батыш өлкөлөрү үчүн экономикалык көйгөйлөрдү жаратууда.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россияга каршы санкция үчүн британиялыктар жабыркагысы келбейт. Сурамжылоо