Путин: Россия санкциялык басымга туруштук бере алды

Sputnik
БИШКЕК, 18-апр. — Sputnik. Россиянын президенти Владимир Путин өкмөттүн мүчөлөрү менен экономикалык маселелер боюнча жыйын өткөрдү.
РФ башчысынын айтымында, Россия Батыш мамлекеттеринин санкциялык басымына туруштук бере алды. Алар санкция аркылуу өлкөнүн финансылык-экономикалык абалына таасир этүү менен рынокто паника жаратып, банк системасын талкалагысы келген. Бирок мындай саясат максатына жеткен жок.

"Мындан тышкары, бул санкциялар анын демилгечилерин жабыркатты. Тагыраагы, инфляция өсүп, жумушсуздук көбөйдү. АКШ менен Европа мамлекеттеринде экономиканын динамикасы начарлап, жашоо шарттын деңгээли төмөндөдү", - деди ал.

Путин белгилегендей, кырдаал турукташып, рублдин курсу февралдын биринчи жарымындагы көрсөткүчкө жетти. Биринчи кварталдын жыйынтыгы боюнча, азыркы эсептин сальдосу төлөм балансынан 58 миллиард долларга ашып, тарыхый жогорку чекти көрсөттү.
Өлкөнүн банктык системасына чет элдик валюта кайтып келип, жарандардын аманаттарынын көлөмү өсүүдө. Инфляция дагы турукташууда. Бирок акыркы бир жарым айда Россияда керектөө баалары 9,4 пайызга өсүп кетти. Ал эми бир жылдык көрсөткүч апрель айына карата 17,5 пайызды түзгөнүн Путин баса белгиледи.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
РФ Коргоо министрлиги курман болгон украиналык аскерлердин тизмесин жарыялады