БИШКЕК, 18-апр. — Sputnik. Кыргызстандын Россиядагы элчилиги акыркы убакта документ жасоо боюнча алдамчылар көбөйүп кеткенин айтып, мекендештерди алардын кызматын колдонбоого чакырды. Бул тууралуу "Кыргыз мигрант" (Sputnik Кыргызстандын долбоору) Telegram каналы жазды.
"Кыргызстандын паспортторун жана айдоочулук күбөлүктөрүн алууда ортомчулук кызмат көрсөткөндөр жана "кара тизмеден чыгууга жардам берем" деген алдамчылар көбөйдү. Мындан улам кыргыз жарандарын ортомчулардын кызматын пайдаланбоого чакырабыз", — деп жазылат билдирмеде.
Элчиликтин маалыматы боюнча, Россиянын Кылмыш-жаза кодексинде алдамчылык үчүн 2 жылдан 10 жылга чейин, ал эми документтерди жасалмалоо үчүн 2 жылдан 3 жылга чейин эркинен ажыратуу менен кылмыш жоопкерчилиги каралган.
Дипөкүлчүлүк консулдук кызматтарды алуу үчүн жарандар Кыргызстандын Россиядагы консулдук мекемелерине кайрылышы керектигин белгиледи.