Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Россия аскерлери Львовдогу Батыштын куралдары сакталган жайды жок кылды

Куралдардын Украинага АКШ менен Европа өлкөлөрүнөн жиберилгенин РФтин Коргоо министрлигинин расмий өкүлү Конашенков айтып берген.
Sputnik
БИШКЕК, 18-апр. — Sputnik. Россиянын аскерлери дүйшөмбүнүн таңында аба базасынын таамай аткан ракеталары менен Львовдогу логистикалык борборду чет өлкөдөн келген куралдардын ири партиясын кошуп кошуп жок кылды. Бул туурасында РИА Новости жазды.
Ал куралдардын Украинага АКШ менен Европа өлкөлөрүнөн жиберилгенин РФтин Коргоо министрлигинин расмий өкүлү, генерал-майор Игорь Конашенков айтып берген.
"18-апрелде эртең менен Россиянын Аба-космостук коргонуу күчтөрү Львов районунда базадагы таамай учкан аба ракеталарынан Украина аскерлеринин логистикалык күчтөр командачылыгынын тылды камсыздоо боюнча 124-бириккен борборуна сокку урду. Львовдогу логистикалык борборду акыркы алты күндө АКШ, Европадан — чет өлкөдөн келген куралдардын ири партиясы менен кошуп жок кылды", — деген Конашенков брифингде.
Расмий өкүл, мындан сырткары, Киев областындагы Васильков деп аталган эл жашаган жеринде курал-жарак, ок-дарылардын ири кампасы да жок кылынгандыгын кошумчалаган.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
АКШлык журналист: Украина аскерлери Сириядагы жихадчылар сыяктуу жүрүшөт