БИШКЕК, 18-апр. — Sputnik. Чеченстан башчысы Рамзан Кадыров Украинада атайын операция чындап башталып жатканын билдирди.
Анын айтымында, өздөрүн НАТОнун күчтүү мамлекети деп эсептегендер Украина аскерлерин каржылап, аларды курал-жарак менен камсыздоодо. Ошондой эле алар жалданма аскер жана адис жөнөтүшүүдө.
"Ошондо биз ондогон мамлекет менен согушуп жатабыз. Бирок аларга бул биз үчүн майда эле нерсе экенин көрсөттүк. Эми аскердик операция чындап башталат жана так жыйынтык болот. Мындан улам аскерлерибизге ийгилик каалайбыз. Украиналыктар, позицияңарды таштап, качкыла. Россиянын жоокерлери турган жакка качкыла. Ал жактан курсагыңарды тойгузат", — деп жазган Кадыров Telegram-каналына.
Ал азыркы учурда Украинада сүйлөшүү жүргүзө турган эч ким жок экенин белгилеген.