Жаңы "Ак үйдү" кайсы компания курары айтылды

Курулуш компаниясы ала турган 16 гектар жерге шаардын азыркы планына интеграцияланган, өнүккөн инфраструктурасы бар заманбап көп функционалдуу комплекс курулары айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 18-апр. — Sputnik. Президенттик администрациянын жаңы имаратынын курулушун ата мекендик TS Group компаниясы жүргүзөт. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматынан билдирди.
"Азыркы учурда жаңы имараттын акысына бериле турган 16 гектар аянттагы жер тилкеси боюнча кошумча комиссиялык экспертиза жүргүзүлүүдө. Эгер 16 гектар жердин баасы административдик имараттын иш жүзүндөгү наркынан ашып кетсе, курулуш компаниясы башка зарыл объектилерди куруу боюнча кошумча кызматтарды көрсөтөт", — деп айтылат билдирүүдө.
Маалымат кызматтан билдиргендей, 16 гектар жерге шаардын азыркы планына интеграцияланган, өнүккөн инфраструктурасы бар заманбап көп функционалдуу комплекс курулат.
Эске салсак, президенттик администрациянын жаңы имараты мурдагы "Ысык-Көл" мейманканасынын ордуна курулат. Президент Жапаров анын курулушуна 15-апрель күнү капсула салган. Ошондой эле ал курулушка мамлекеттик бюджеттен акча кетпей турганын, анын ордуна курулуш компаниясына жер берилерин айткан.
Бир тыйын кетпейт! Садыр Жапаров жаңы "Ак үйдүн" курулушу боюнча үн катты