Кыргызстандык бийчилер Central Asia's Got Talent шоусунун жарым финалына өттү. Видео

Финалга жетиш үчүн кыргызстандык кичинекей таланттарга мекендештеринин колдоосу зарыл, тагыраагы, бүгүн түнгө чейин добуш бериши керек.
Sputnik
БИШКЕК, 18-апр. — Sputnik. Кыргызстандыктардан турган MEGAKIDZ бий тобу Казакстандагы Central Asia's Got Talent деп аталган таланттуулардын шоусунда жарым финалга чыкты.
Жамаатта 6-11 жаш аралыгындагы он беш кыз бийлейт. Aitube тиркемесинде алардын бийлеген видеосу пайда болду.
Калыстардын бири бул кичинекей таланттар командага эң сонун ыкмада топтолгондугун жана кесипкөйлөр экендигин айтып, жаркын келечегин көрүп тургандыгын кошумчалаган.
Ондогон мыкты команданын ичинен финалга өтүш үчүн MEGAKIDZ тобуна мекендештердин, тагыраагы, кыргызстандыктардын колдоосу керек. Финалисттерди интернеттен берилген добуш менен аныкташмакчы.
Бул командага добуш берүү үчүн Aitu тиркемесин жүктөп, каттоодон өтүш керек. Андан соң издөө кызматынан "голосование в CAGT" деп карап, таап, добуш берсе болот.
Финал жети аптадан кийин өтөт, бирок жаш бийчилерге бүгүн түнгө чейин добуш берүү зарыл.
Central Asia Got Talent шоусуна Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстандан таланттар катышууда.
Тарых музейиндеги сайма сайган эркектер, аялдар, балдардын видеосу