Кыргызстандагы страйкбол: сооттолгон техника, авиация кошо катышты. Видео

"Стальной занавес" деп аталган оюн Чүй облусунда өттү. Страйкболчулардын сезону аталган таймаш менен ачылды.
Sputnik
БИШКЕК, 18-апр. — Sputnik. Токмок шаарынын жанында Кыргызстанда страйкболчулардын таймаш сезонунун ачылышы болду. Бул туурасында өлкөнүн Аскердик-тактикалык оюндар федерациясынан кабарлашты.
Бул саамалыкты өткөрүүгө Коргоо министрлиги менен "Альфа" аталышындагы антитеррордук бөлүктүн ардагерлер ассоциациясы колдоо көрсөткөн.
Оюнга 10 командадан турган 300 страйкболчу катышкан. Коңшу Казакстандын бир нече шаарынан 60ка чукул оюнчу келген.
"Стальной занавес" таймашын "Кумдуу карьер" полигонунда өткөрүштү. Ал жерде бир күн кечке алдын ала ойлонуп, түзүлгөн аталыш жана сценарий менен таймаш болду. "Жашылдар" (Эрактын Куралдуу күчтөрү) жана "кызыл сарылар" (ар башка элден турган, ар кайсы тараптан топтолгондор) кез келген. Булардан сырткары, "касташкан" эки жакка көз салып, атышкандардын арасына кирип кеткен ЖМКлардан турган да топ болду. Оюнга чындыкка окшогон түс бериш үчүн Коргоо министрлиги сооттолгон техникаларын берген. Полигондун үстүндө анча чоң эмес тик учак да жүргөн. Акырында козголоңчуларды баары бир "жашылдар" жеңген.
Жаза аткаруу кызматы кинологдорун сынактан өткөрдү. Сүрөт