Кыргызстанда жасалма доллар көбөйдү. Жарандар эмне кылышы керек

Жасалма акча даярдоого, таратууга каршы Кылмыш кодексинин 233-беренеси боюнча кылмыш жоопкерчилиги каралган.
Sputnik
БИШКЕК, 18-апр. — Sputnik. Кыргызстанда жасалма доллар саткан учурлар катталды. Бул тууралуу Улуттук банк өзүнүн расмий сайтына жарыялады.
Башкы банк жарандарды акча алмаштырууда сак болууга чакырууда.
"Чет элдик акчанын аныктыгын билүү үчүн коммерциялык банктардан жана акча алмаштыруу жайларынан валюта детекторунан өткөрүүнү талап кылыңыздар. Акча алмаштыруу жайларына кайрылганда алардын Улуттук банктан алган лицензиясынын бар-жогуна көңүл бөлүү керек. Лицензия менен каттын түп нускасы көрүнүктүү жерде илинип турушу керек", — деп айтылат маалыматта.
Күмөндүү банкноталарды Мамлекеттик соттук-эксперттик кызмат экспертизадан өткөрөрү кабарланды.
"Мындан тышкары, жасалма акча даярдоого, таратууга каршы Кылмыш кодексинин 233-беренеси боюнча кылмыш жоопкерчилиги каралганын эскертебиз", — дешти банктан.
Жасалма чет элдик валюта алып алгандар жакынкы райондук милицияга кайрылса болот.
Пресс-борбор
ЕАЭБдеги рубль менен эсептешүүнүн үлүшү 76%га жетти