Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

РФ Коргоо министрлиги курман болгон украиналык аскерлердин тизмесин жарыялады

Аскердик ведомствонун маалыматына караганда, Украинанын Куралдуу күчтөрү 23 367 жоокерин жоготту.
Sputnik
БИШКЕК, 18-апр. – Sputnik. Россиянын Коргоо министрлиги алгачкы жолу атайын операция учурунда курман болгон жана жаракат алган украиналык жоокерлердин тизмесин жарыялады. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Аскердик ведомствонун маалыматына караганда, Украинанын Куралдуу күчтөрү 23 367 жоокерин жоготту.
"Россиянын Коргоо министрлигинин колундагы документке караганда, жаракат алган, дайынсыз жоголгон жана качып кеткен аскерлердин саны абдан көп", — деп айтылат ведомствонун Telegram каналында.
Жарыяланган маалымат курамына "Азов" неонацисттик полку кирген 3 057 аскердик бөлүккө тиешелүү. Андагы согушкерлерге каршы Россияда кылмыш иши козголгон.
Украин тилинде түзүлгөн тизмеде жоокердин аты-жөнү, наамы, кызматы, туулган жылы, кайсы жерде каза болгону, сөөгүнүн жаткан жери, алган жаракатынын түрү жана диагнозу жазылган.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Он жылдап күтпөйбүз! Рамзан Кадыров Зеленскийге кайрылды