Июнда Казакстан менен Россиянын ортосунда поезддик беш каттам жанданат

Июнга билеттерди сатуу жакынкы аралыкта башталарын айтышты.
Sputnik
БИШКЕК, 18-апр. — Sputnik. Июнда Казакстан менен Россиянын бир катар шаарларынын ортосунда темир жол боюнча беш каттам жанданат. Бул туурасында Sputnik Казакстан жазды.
Буга чейин 20-апрелден тарта Атырау – Астрахань поезд каттамы жүргүнчүлөрдү ташып баштаары кабарланган эле. Алардын 20-апрелде Атыраудан, 21-апрелде Астрахандан жолго чыгары белгилүү болгон.
Июнда жаңылана турган каттамдар:
Алматы — Саратов;
Караганды — Самара;
Алматы — Новосибирск;
Караганды — Омск;
Алматы — Казань.
Июнга билеттерди сатуу жакынкы аралыкта башталарын айтышып, аны 45 күн эртерээк алса болорун кошумчалашты.
Поезддердин багыты боюнча толук маалыматты "Российские железные дороги" коомунун сайтындагы "Международное сообщение" бөлүмүнөн тапса болот.
Россиянын аймагына Казакстандан кирүү үчүн Евразиялык Экономикалык биримдикке мүчө-өлкөлөрдүн жарандарынан тышкары бардык чет элдиктерге ПЦР-тесттин ооруган жок деген жыйынтыгы керек. Ал РФке кирер алдында календарлык эки күн мурда тапшырылган болууга тийиш. Анын кагаздагы оригиналы же "Путешествую без COVID-19" мобилдик тиркемеси болот.
Кыргызстандыктар РФке Казакстандын кара жолу аркылуу азырынча кире албайт