Бишкектин Эркиндик бульварынын бир тарабына машина токтотууга тыюу салынды

Жол белгилер автоунаалар менен фудкорттордун башаламан жайгашуусуна жол бербейт.
Sputnik
БИШКЕК, 18-апр. – Sputnik. Бишкектеги Эркиндик бульварынын сол тарабына автоунаа токтотууга тыюу салган атайын жол белгилер орнотулду. Бул тууралуу мэрия билдирди.
1 / 2

Бишкектеги Эркиндик бульварынын сол тарабына автоунаа токтотууга тыюу салган атайын жол белгилер орнотулду

2 / 2

Маалыматка караганда, мындай 12 белги Эркиндиктин Чүй проспектисинен Түгөлбай-Ата (Линейная) көчөсүнө чейинки бөлүгүнө коюлган.

Маалыматка караганда, мындай 12 белги Эркиндиктин Чүй проспектисинен Түгөлбай-Ата (Линейная) көчөсүнө чейинки бөлүгүнө коюлган.
"Жол белгилер автоунаалар менен фудкорттордун башаламан жайгашуусуна жол бербейт", — деп айтылат маалыматта.
Муниципалитет шаардыктарды жол эрежесин сактоого чакырды.
Бишкектин айрым жерлеринде 21-апрель күнү суу өчүрүлөт