БИШКЕК, 18-апр. — Sputnik. Быйыл жыл башынан бери январь-март айларында пенсия алуучулардын катарына 17 608 киши кошулду. Бул туурасында Социалдык фонддун маалымат кызматы билдирди.
Анын ичинен март айында 4 014 жаран пенсияга чыккан.
Мындан сырткары, эмгек стажы, эмгек акысы, окуусу жана майыптыгы боюнча 1 009 пенсионерге кошумча берилген документтерге ылайык пенсиясы кайрадан эсептелинген.