Бишкектин батышындагы көчөлөр оңдоо үчүн жабылды

Оңдоп-түздөө иштери болуп жаткан мезгилде троллейбус каттамдарынын багыты өзгөрө турганы айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 18-апр. — Sputnik. Борбор калаада Интергельпо көчөсүнүн бир катар тилкелери Кең-Суу көчөсүнөн Дэн Сяопин проспектисине чейин жабылды. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматынан кабарлады.
Бул иштер Кытай берген гранттын эсебинен жасалууда. Анын качан аяктаары айтылган эмес. Оңдоо жүрүп жатканда Пишпек жана Фучик көчөлөрү менен жүрүп турса болорун муниципалитеттен кошумча билдирди. № 2 жана 10 троллейбустардын маршруту өзгөрүп, эми алар убактылуу Фучик көчөсү менен каттамакчы.
Быйыл айт намазы Эски аянтта окулат. Мэрия тегерек-четин оңдоп жатат