БИШКЕК, 18-апр. — Sputnik. Борбор калаада бүгүн "Тазалык" ишканасынын кызматкерлери штаттык тартипте иштеп жатышат. Бул тууралуу муниципалитеттин маалымат кызматынан кабарлады.
"Нөөмөттө 280 көчө шыпыргыч менен 99 жүк жүктөгүч иштеп жатат, 46 атайын техника колдонулууда", — деп айтылган маалыматта.
Эске салсак, 15-апрелде "Тазалыктын" кээ бир кызматкерлери мурдагы жетекчисин кайра дайындоо талабын коюп митингге чыккан. Алар улам башчылар алмашып, анын айынан айлык акы кечиктирилип, техниканын тетиктерине акча бөлүнбөй жатканына нааразы болгон. Буга чейин вице-мэри Жамалбек Ырсалиев "Тазалыкчылардан" тезирээк жумушка чыгууну суранган болчу.
Мэрия өз кезегинде "Тазалык" ишканасынын 2019-2020-жылдагы ишинде мыйзам бузуулар аныкталганын, мамлекетке 139,6 миллион сомдук зыян келтирилгенин билдирген.