Бишкекте 18 жаштагы кыз 39дагы кишини сабап салган. Экөө тең мас экени айтылды

Муштум түйүп турган кыз. Архив
Буга чейин соцтармакка Кулиев көчөсүндө аял жерде жаткан кишини сабап жаткан видео тараган.
Sputnik
БИШКЕК, 18-апр. – Sputnik. Бишкекте 18 жаштагы кыз 39 жаштагы эркек кишини сабап салган. Бул тууралуу Ленин райондук ИИБ билдирди.
Соцтармакка Кулиев көчөсүндө аял жерде жаткан кишини сабап жаткан видео тараган.
Милициядан билдиришкендей, 17-апрель күнү кечинде оор жаракат алган киши Улуттук госпиталга жеткирилгени тууралуу маалымат түшкөн.
"Жабырлануучу тартип сакчыларга ошол түнү саат 00:30дар чамасында Кулиев менен Рыскулов көчөлөрүнүн кесилишинде бейтааныш аял менен айтыша кетип андан таяк жегенин айткан. Киши мас болгон жана арыз жазуудан баш тарткан", — деп айтылат маалыматта.
Укук коргоочулар кызды милицияга жеткиришкен. Ал дагы мас абалында болгону аныкталды. Тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат.
Милиция кызматкери. Архив
Бишкекте айдоочу милицияны койдуруп кетти