БИШКЕК, 18-апр. – Sputnik. Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевге сөгүш жарыяланды. Бул тууралуу министрлер кабинети кабарлады.
Башка маалымат айтылган жок.
Эске салсак, 6-апрель күнү башкы прокурор Курманкул Зулушев Бейшеналиевге таластыктар боюнча айткан сөзү үчүн эскертүү берилгенин билдирген. Ал ошондой эле министрдин этикасы боюнча өкмөткө эки сунуш берилгенин кошумчалаган. Алар:
Исманкуловдун клиникасына барып сүйлөгөн сөзү үчүн жана мамлекеттик кызматкердин этикасынын бузулушу боюнча;
органдарга карата айтканы боюнча тартиптик чара көрүү тууралуу.