БИШКЕК, 18-апр. — Sputnik. Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев түндө №2 көп профилдүү ооруканынын клиникалык дарылоо корпусуна эмнеге барганын түшүндүрдү.
Кеп Алмазбек Исманкуловдун мурдагы Көз микрохирургиясы клиникасы жөнүндө болуп жатат. Ал узак жылдар бою оорукананын ижарага алып келген, бирок Бишкек мэриясы келишимди үзгөн. Март айынын башында саламаттык сактоо министри имаратты бошотууну талап кылган, бирок клиниканын жетекчилиги ага баш ийген эмес. Мындан улам имаратка мөөр басылган.
Кадрдан көрүнгөндөй, курулушчулар эшиктин алдында жумушу менен алек болууда. Видеонун алдында министр Бейшеналиев госпиталдын эшигин бөгөп жатканы тууралуу жазылган.
Ал эми Бейшеналиев жумушчулар дубалды оңдоо үчүн тепкичтерди коюп жатканын билдирди.
"Эч ким эч нерсени ширетип салган жок, ал жердин эшиги пластик эмеспи. Тепкичтер эшиктин алдында турган. Клиника жетекчилиги имаратты бошотуу тууралуу кабарламасын алган. Эмне бул объектиге түндө келсе болбойт экен? Курулушчулар кандай иштеп жатканын текшерүү үчүн ооз ачкан соң эки-үч сааттан кийин келдим. Мен алардын акысын күн сайын төлөп турам", — деди министр.
Буга чейин министрликтин маалымат кызматы имараттын сыртын оңдоо иштери мыйзамдуу экенин билдирген.
Исманкулов эмне дейт?
Кечээ кечинде клиниканын имаратына бара турган жолдун баарын казып салышты. Министр өзү кечинде 22:30да белгисиз адамдардын коштоосунда келди.
"Ал биздин күзөтчү менен милиционерге имараттын ичине кирүүнү буйруду. Андан кийин эшикти жаап, кулпулап салган. Бейшеналиев аларды "ичинде отургула, чыкпагыла" деген. Эгер андай кылбаса, бир нерсени көрсөтөрүн айтып сөгүнгөн. Милиционер менен күзөтчүнү коркуткан", — деди дарыгер.
Клиника мэрия имаратты ижарага берүү келишимин бир тараптуу бузуп койгону үчүн соттошо турганын айтууда.