Аксыда кыргыз-өзбек чек арасынан баңгизат табылды

Чек арадан табылган баңгизат компетенттүү органдарга териштирүү жүргүзүү үчүн өткөрүп берилди.
Sputnik
БИШКЕК, 18-апр. – Sputnik. Жалал-Абадда баңгизатын чек арадан алып өтүү аракетине бөгөт коюлду. Бул тууралуу Чек ара кызматы билдирди.
1 / 3

Жалал-Абадда баңгизатын чек арадан алып өтүү аракетине бөгөт коюлду

2 / 3

17-апрель күнү Аксы районуна караштуу Турбаза аймагында чек арачылар Өзбекстандын чек арасына жакын жерден эки кишини байкашкан

3 / 3

Алар аскерлерди көргөндөн кийин коңшу өлкөнүн аймагына кирип жашырынууга үлгүргөн

17-апрель күнү Аксы районуна караштуу Турбаза аймагында чек арачылар Өзбекстандын чек арасына жакын жерден эки кишини байкашкан. Алар аскерлерди көргөндөн кийин коңшу өлкөнүн аймагына кирип жашырынууга үлгүргөн.
"Аймакты текшере келгенде таңгак табылды. Полиэтилен пакетине оролгон эки нерсе алынып, ичинен Афганистандан чыккан 1 килограмм баңгизат чыккан", — деп айтылат маалыматта.
Тийиштүү документтер толтурулгандан кийин баңгизат компетенттүү органдарга териштирүү жүргүзүү үчүн өткөрүп берилген.
Аскер кызматкерлери баңгизат сатууга шектелип кармалды. Видео