Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

АКШлык журналист: Украина аскерлери Сириядагы жихадчылар сыяктуу жүрүшөт

Журналист өзүнүн репортажында беш мүнөттө башы кесилген беш сөөк табылгандыгын айтып берген.
Sputnik
БИШКЕК, 18-апр. — Sputnik. Украинанын Куралдуу күчтөрү Сириядагы жихадчылар сындуу жүрүшөт.
Мындай пикирин америкалык журналист Жордж Элайсон Киев режиминин тынч жашоочуларды өлтүрүп, массалык түрдө көмгөндүгүн көргөндөн кийин айтканын Sputnik Ближнее зарубежье жазды.
Репортаждын видеосу аталган ресурстун Telegram каналына жарыяланган.
Корреспондент өзүнүн репортажында беш мүнөттө башы кесилген беш сөөк табылгандыгын айтып берген.

"Аскерлер мындай иш кылбайт. "Ислам мамлекетинин" террорчулары болуп кеткенби. А биз террочулар менен эмне кылып жатабыз?" — деп жыйынтык чыгарган Элайсон.

Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Он жылдап күтпөйбүз! Рамзан Кадыров Зеленскийге кайрылды