Радио

Наватова: быйыл Бишкекте 800 миң гүл, 15 миңден ашуун көчөт отургузулат

"Бишкек жашыл чарба" муниципалдык ишканасынын директорунун орун басары Айгүл Наватова борбор калааны жашылдандыруу, көрктөндүрүү иштери жылдагыдан 2-3 жума эрте башталганын белгиледи.
Sputnik
Борбор калаада быйыл 15 миңден ашык көчөт, 800 миң бир жылдык гүл отургузулат. Бул тууралуу Айгүл Наватова Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, азыркы тапта 10 миң көчөттүн төрт миңден ашыгын шаардыктар тиккен.
"Бишкекти жашылдандыруу, көрктөндүрүү иштери жылдагыдан 2-3 жума эрте башталды. Учурда күнөсканада 1 миллион 300 миң гүл өстүрүлүп, даяр турат. План боюнча шаарга 800 миң бир жылдык гүл отургузуу пландалууда. Экологиялык көйгөйдү чечүүдө жашылдандыруунун орду чоң. Анткени абаны тазартып, ооруларды алдын алууга шарт түзөт. Ошондуктан быйыл бак-дарактарды тигүүгө басым жасалууда. Алсак, "Бишкек жашыл чарба" муниципалдык ишканасы тарабынан 10 миңден ашуун көчөт отургузулат. Мындан тышкары, быйыл президенттин "Жашыл мурас" демилгесин колдоп, ар кандай уюмдар, мекемелер, жарандар көчөт отургузуу сунушу менен кайрылууда. Муниципалдык ишкана аларга колдоо көрсөтүп, шаардыктар беш миңге чукул көчөт тикти. Бул өнөктүк дагы да уланууда", — деди Наватова.
Ошондой эле ал жарандар отургузулган гүлдөргө жоопкерчиликтүү мамиле жасап калганын кошумчалады.