Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Россия Украина менен Донбасстан 830 миңден ашык качкынды эвакуациялады

Билдирмеге караганда, эвакуация болгондордун ичинен 154 396сы — балдар.
Sputnik
БИШКЕК, 17-апр. — Sputnik. Украинадагы атайын операция учурунда Россияга Украинадан жана Донецк, Луганск республикаларынан 830 миңден ашык качкын эвакуацияланды. Бул тууралуу Россиянын Коргонуу башкармалыгы улуттук борборунун жетекчиси Михаил Мизинцевдин айтымына таянып, Коргоо министрлиги кабарлады.
Билдирмеге караганда, көчүрүлгөндөрдүн ичинен 154 396сы — балдар. Россиянын мамлекеттик чек арасын 111 029 даана жеке автотранспорт кесип өткөн. Өткөрүү пунктуларында качкындарды алар өздөрү жашоо үчүн тандап алган же убактылуу баш калкалай турчу жерлерге жеткирүү үчүн жетиштүү көлөмдө автобустар бар. Россияда убактылуу баш калкалоого ылайыкташкан 9,5 миң пункт иштеп жатканы айтылды.
Атайын операция учурунда Россиянын гуманитардык жардам берүү штабына, аткаруу бийлигинин федералдык органдарына жана ар кандай коомдук уюмдарга Украинанын 2 128 калк жашоочу пунтуларынан 2,75 миллион ар кандай кайрылуу келип түшкөн.
Россия Украинадагы атайын операцияны 24-февралда баштаган. Владимир Путин анын максаты "сегиз жылдан бери Киев режиминин басмырлоосуна, геноцидине кабылып келгендерди коргоо" экендигин айткан. Бул үчүн "Украинаны демилитаризация жана денацификация" жасап, Донбасстагы "жай жашоочулардын канына забын болгондорду" аскер сотуна берип, жоопкерчиликке тартуу пландалып жаткандыгын белгилеген.
Россиянын Коргоо министрлиги куралдуу күчтөр соккуну Украина тараптын аскердик инфраструктуралары менен күч түзүмдөрүнө уруп жаткандыгын, жай жарандарга багытталбагандыгын билдирип келет.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Песков: Украинадагы операциянын башкы максаты — улутчул батальондорду жок кылуу