Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Песков: Россия Батыш менен кармашта туруштук бере алат

Sputnik
БИШКЕК, 17-апр. — Sputnik. Россия Батыш менен учурдагы кармашта туруштук бере алат. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Дмитрий Песков билдирди.
Ал "Россия 1" телеканалындагы Павел Зарубиновдун "Москва. Кремль. Путин" программасына катышып, интервью берген. Ага журналист “Россиянын Батыш дүйнөсүн токтотууга мүмкүнчүлүгү барбы?” деген суроо узатты.
“Колубуздан келет”, — деп жооп берди Песков.
Россия Украинадагы атайын операцияны 24-февралда баштаган. Владимир Путин анын максаты "сегиз жылдан бери Киев режиминин басмырлоосуна, геноцидине кабылып келгендерди коргоо" экендигин айткан. Бул үчүн "Украинаны демилитаризация жана денацификация" жасап, Донбасстагы "жай жашоочулардын канына забын болгондорду" аскер сотуна берип, жоопкерчиликке тартуу пландалып жаткандыгын белгилеген.
Россиянын Коргоо министрлиги куралдуу күчтөр соккуну Украина тараптын аскердик инфраструктуралары менен күч түзүмдөрүнө уруп жаткандыгын, жай жарандарга багытталбагандыгын билдирип келет.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Кытай: НАТОнун иш-аракети Европаны башаламандыкка түртөт