Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Кытай: НАТОнун иш-аракети Европаны башаламандыкка түртөт

АКШ башында турган НАТО Европада Россияга каршы агрессивдүү саясатты жүргүзүүдө.
Sputnik
БИШКЕК, 17-апр. — Sputnik. Батыш мамлекеттеринин саясаты жамааттык коргонууну алсыратып, Европа контингентин башаламандыкка түртөт. Бул тууралуу Кытайдын Global Times басылмасы жазды.
Маалыматта белгиленгендей, АКШ башында турган НАТО Европада Россияга каршы агрессивдүү саясатты жүргүзүүдө.
"Америка Украинадагы чыр-чатакты НАТОну жарнамалоо максатында колдонот. Альянстын катышуучуларынын жамааттык коопсуздугу толугу менен Россияга каршы турууга негизделген. Украинадагы каатчылык НАТОну Чыгышты көздөй кеңейтүүгө багытталган", — деп жазылат макалада.
Макаланын авторунун айтымында, Москваны күнөөлөгөндү токтотуп, Украинанын нейтралитетин тааныгандан кийин гана Европада тынчтык менен тартипке жетсе болот.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Economist: АКШнын союздаштары Россияга каршы санкция киргизүүдөн баш тартышууда