Ирландияда кымбатчылыктан улам айдоочуларды күйүүчү майды үнөмдөөгө чакырышууда

Автоунаа айдоодон такыр эле баш тартуу сунушу дагы берилген.
Sputnik
БИШКЕК, 17-апр. — Sputnik. Ирландияда айдоочуларга күйүүчү майды үнөмдөп, капчыкты эңшерген чыгымдарды азайтуу боюнча кеңеш бере башташты. Бул туурасында жергиликтүү AA жаңылыктар порталы жазды.

"Жолдун багыты тууралуу эртерээк ойлонууну үйрөнгүлө. Катуу тормоз басууну азайтып, кээ бир учурда тормоз теппей эле жүрүүгө болот. Мисалы, жол тилкелердин ортосунда маневр жасап же көчөлөрдүн кесилиштеринен акырын өтүүгө болот", — деп жазылган жаңылыкта.

Ошондой эле кондиционер иштетпей, автоунаадагы оор нерселердин баарын түшүрүүнү, мүмкүн болсо такыр эле машина айдоодон баш тартуу сунушталган.
Россияга каршы санкциялар күчөтүлгөндөн кийин Батыштын бир катар өлкөлөрүндө күйүүчү май боюнча кырдаал оорлошту. Улуу Британияда газ менен электр энергиясына болгон баа 54 пайызга өстү, бензин менен дизелдин наркы рекорддук көрсөткүчө чейин кымбаттап жатат.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россияга каршы санкция үчүн британиялыктар жабыркагысы келбейт. Сурамжылоо