Байсалов: Акылбек Жапаровду сындашса күлкүм келет, ал — элибиздин бактысы

Байсалов элди жакшылыктан үмүт кылып, эки Жапаровдун ден соолугун тилөөгө чакырды.
Sputnik
БИШКЕК, 17-апр. — Sputnik. Өкмөт башчы Акылбек Жапаровдун мамлекетке кызмат кылып жатканы — бул элибиздин бактысы. Мындай пикирин министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов соцтармак аркылуу билдирди.
Ал Жапаров боюнча сын же ушак угуп калса дароо эле күлкүсү келерин айткан.
"Бул киши тууралуу билип-билбей эле апыртып-көбүртүп сүйлөп, көрө албаган жана ич күйүтүн жашыра албагандар толтура эмеспи. Таланттуу, билимдүү жана күнү-түнү иштеген өкмөт башчы — башкы вазир Акылбек Жапаров азыр мамлекетке кызмат кылып жатканы — бул элибиздин бактысы. Көптү айтып бергим келет, бирок азыр туура эмес болуп калат. Азыр туугандарыма айтарым: жакшылыктан үмүт кылыңыздар, эки Жапаровдун ден соолугун тилеңиздер, бузуку кара санатайларды укпаңыздар! Баары жакшы болот", — деп жазган Байсалов.
Ал постунун алдына Акылбек Жапаровдун өмүр баянын тиркеген.
5 эсе көп пенсия алышмак. Байсалов Соцфонд реформасын сындагандарга жооп берди