Ушу тапта ЕАЭБ өлкөлөрүндө инфляциянын абалы кандай. Статистика

Мартта кайсы тармактарда эң көп кымбаттоолор болгонуна токтолсок, Россиянын керектөө секторундагы инфляциянын эң жогорку деңгээли катталып, 10 пайызга жетти.
Sputnik
БИШКЕК, 17-апр. — Sputnik. 2022-жылдын март айында ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин арасынан инфляциянын эң жогорку деңгээли Россияда катталды. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.
"Февралга салыштырмалуу биримдиктеги бардык эле мамлекеттерде баалар жана тарифтер көтөрүлдү", — деп айтылат билдирүүдө.
Инфляциянын өсүүсү (2021-жылдын февраль айына салыштырмалуу):
Россия — 7,6 пайыз;
Беларусь — 6,1 пайыз;
Казакстан — 3,7 пайыз;
Кыргызстан — 0,2 пайыз;
Армения — 1,8 пайыз.
Мартта кайсы тармактарда эң көп кымбаттоолор болгонуна токтолсок, Россиянын керектөө секторундагы инфляциянын эң жогорку деңгээли катталып, 10 пайызга жетти. Ошол эле мезгилде кызмат көрсөтүүлөргө болгон баа Беларуста (8,9 пайыз) эң жогору болду.
Буга чейин Sputnik редакциясы Улуттук статистика комитетинин маалыматтарына таянып, 2016-2020-жылдар аралыгындагы кыргызстандыктардын жашоосу канчалык кымбаттаганы тууралуу жазган.
Кыргызстанда суу май канчага кымбаттады. Статистика