БИШКЕК, 17-апр. — Sputnik. Москвада министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев төрагалыгынын астында Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) кеңешинин жыйыны өттү. Бул туурасында өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.
Билдирүүгө ылайык, кеңештин күн тартибинде 49 маселе каралып, натыйжада импорттук товардын 300 түрүнөн бажы алымын албай туруу макулдашылды. Бул фармацевтикалык продукцияга, текстиль өнөр жайын колдонуу үчүн зарыл болгон товарларга, үрөнгө, жер семирткичтерге, электр жабдууларына, кагаздын жана картондун айрым түрлөрүнө жана башка буюмдарга тиешелүү.
Кабыл алынган чечимдер:
Кыргызстанга 35 миң тонна өлчөмүндө ак кантты жана чийки камыш кантты бажы алымысыз ташып келүүгө кошумча квоталарды берүү;
Беларусь, Казакстан, Кыргызстан жана Россияга жеке колдонуу үчүн товарларды бажы алымдарын жана салыктарын төлөбөстөн ташып келүү наркынын ченемдерин 1 000 еврого жана салмак нормаларын 31 килограммга чейин жогорулатты. Кеп аба жолунан башка бардык транспорт менен коштоочу документи жок алып өтүүгө уруксат берүү жөнүндө болуп жатат. Буга чейинки босого 500 еврону жана 25 килограммды түзгөн;
Өз ара товар жүгүртүүдө чектөөлөрдү киргизүүдө жана аны алып салууда ЕАЭБ мамлекеттери менен ЕЭКтин өз ара иштешүү тартибин бекитти;
Товарлардын айрым категорияларын бажы төлөмдөрүн жана салыктарын төлөбөстөн ташып келүүнү эки жылга чейин узартуу. Мурда бул мөөнөт бир жылды түзгөн;
Евразиялык кайра камсыздандыруу компаниясын түзүү жөнүндө макулдашылды;
Үстүбүздөгү жылдын 26-27-майында Бишкек шаарында өтүүчү Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин кезектеги жыйынынын күн тартиби бекитилди.
Ошондой эле ЕЭК кеңешинин отурумунун алкагында башка көйгөйлөр, анын ичинде бизнестин кызыкчылыгын козгогон маселелер каралганы айтылды.