Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Россияга каршы санкция үчүн британиялыктар жабыркагысы келбейт. Сурамжылоо

Сурамжылоо 13-апрелде, өлкөдө инфляция акыркы он жылдыкта рекорддук көрсөткүчкө жеткен күнү жүргүзүлгөн.
Sputnik
БИШКЕК, 17-апр. — Sputnik. Улуу Британияда күйүүчү май менен газга болгон баанын өсүшүнөн улам коомчулукта Россияга каршы санкцияны колдогондор азаюуда. Бул тууралуу Redfield and Wilton Strategies компаниясынын The Sunday Telegraph гезити үчүн жүргүзүлгөн сурамжылоосунда айтылат.
Сурамжылоо 13-апрелде, өлкөдө инфляция акыркы он жылдыкта рекорддук көрсөткүчкө жеткен күнү жүргүзүлгөн.
Россияга каршы санкциядан улам күйүүчү майга көп каражат төлөөгө даяр болгон жарандардын саны бир айда 50 пайыздан 36 пайызга чейин кыскарган. Сурамжылоого катышкандардын 54 пайызы акыркы жылы финансылык абалы начарлаганын билдиришкен. Эки ай мурда бул көрсөткүч 42 пайыз болчу. Респонденттердин 62 пайызы Британиянын финансылык абалы мындан ары деградация болорун белгилешкен. Катышуучулардын үчтөн бир бөлүгүнөн азыраагы инфляцияга жооп иретинде айлык акылары да көтөрүлүшү керектигин айтса, үчтөн эки бөлүгү баалар өсүп жатканда жаңы коюм дурусураак жашоого баары бир жетишсиз экенин билдиришкен.
Россиянын Украинаны демилитаризация жана денацификациялоо боюнча атайын операциясы башталгандан тарта Батыш Москвага санкция боюнча басымдарын катуулатты. Чектөө биринчи иретте банк системасы менен жогорку технологиялык продукцияларды ташып келүү жолдоруна коюлду. Европада россиялык энергоресурстарга көз каранды болууну азайтуу боюнча чакырыктар айтыла баштаган. Бирок мунун баары Батыш өлкөлөрү үчүн экономикалык көйгөйлөрдү жаратты."Газпромдун" маалыматы боюнча, европалык колдонуучулар өткөн кышта газды көп сарптаган. Жыйынтыгында газдын запасы көп жылдан бери минималдык көрсөткүчкө жеткен.
Улуу Британияда 1-апрелден тарта газ менен электр кубатына коюлган босого баа дароо 54 пайызга өсүп кетти.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Кыйноо болду. Улуу Британия ишкерлери кымбатчылыкка нааразы