Кожошев: казак тарап фуралар боюнча келишимди аткарбаса мамилеге кесепети тиет

Кожошев март айынын соңунда жетишилген макулдашуулар толук көлөмдө ишке ашырылбай жатканын белгилеген.
Sputnik
БИШКЕК, 17-апр. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев Казакстандын вице-премьери – соода жана интеграция министри Бахыт Султанов менен жолукту. Бул туурасында өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Анда кыргыз-казак чек арасында өтө албай турган жүк ташуучу унаалар маселеси талкууланган.
Кожошев март айынын соңунда жетишилген макулдашуулар толук көлөмдө ишке ашырылбай жатканын белгилеген. Ошондой эле келишимдер бир жактуу аткарылбай жаткан болсо, эки тараптуу мамилелерге кесепети тиерин айткан.

"Биз эгер коштоочу документтери туура эмес же документи такыр жок болсо, казак тарап мындай автоунааларды артка кайтарып берет деп макулдашканбыз. Иш жүзүндө жүк ташуучу унаалардын кезеги күн өткөн сайын көбөйүүдө", — деди Кожошев.

Маселени тыкыр талкуулоодон соң чек арада токтоп турган жүк ташуучу унаалардын маселесин чечүү боюнча конкреттүү чараларды кабыл алуу үчүн видеобайланыш режиминде кеңешме өткөрүү макулдашылды. Ал 19-апрелде эки өлкөнүн тийиштүү мамлекеттик органдарынын катышуусунда болот.
Кыргыз-казак чек арасынан автобустар өткөрүлбөй жатат