"Ленинград блокадачылары" коомунун мүчөсү Тамара Омурбекова мындай иш-чараларды өткөрүп туруу маанилүү экенин белгилеген.
"Тарых кайра жазылып, адамдар фактыларды өзгөртүп, өткөндү кыскартканы мени абдан өкүндүрөт. Анда биз канчалаган адамдан айрылып, эмне деген азапты тарткан жокпуз. Өмүр бою балдар менен иштедим. Аларга башыман өткөн кайгылуу, азаптуу күндөрдү айтып берчүмүн. Өсүп келе жаткан муун келечекте ката кетирбеши үчүн өткөндү биле жүрүшү керек. Бүгүн ушул жерде акцияга кошулуп, бак отургузуп жаткан балдарды көрүп аябай кубанып турам", — деген ал.
"Жеңиштин ыктыярчылары" эл аралык командасынын координатору Анастасия Шевченко акция "Жеңиштин ыктыярчылары" командасы, Россотрудничество, "Жеңиштин мурасы" жана шаардык мэриянын жардамы менен уюштурулганын белгиледи.
"Бул акция абдан маанилүү. Өзгөчө азыр, эстеликтер бузулуп жаткан учурда. Эстеликти алып койсо болот, бирок баатырлардын эрдиги унутулбайт. Ошол себептен биз жандуу эстелик тургузууга аракет кылып жатабыз. Бул жакка үй-бүлөлөр келип, ардагерди эстеп, бакты карап, сугарып тура алат", — деди Шевченко.
"Эскерүү багы" — бул Улуу Ата Мекендик согуштун баатырларынын элесине арнап дүйнө жүзүнө 27 миллион бак отургузуу боюнча эл аралык акция.
Тема боюнча: