БИШКЕК, 17-апр.— Sputnik. Дүйнө жүзү боюнча АКШнын көптөн берки союздаш мамлекеттери Украинадагы атайын операциядан улам Вашингтондун Россияга каршы санкцияларын колдоо суранычын четке кагышууда. Бул тууралуу Британиянын Economist журналы жазды.
Билдирмеге караганда, Москванын иш-аракетин сындаган чечимдерди кабыл алууда дайыма карманып турган Индия Батышка эң эле ыңгайсыз мамлекет болуп калууда.
"Бул жаатта Индия жалгыз мамлекет эмес. Азия, Жакынкы Чыгыш, Африка, Латын Америка, ал тургай АКШнын көптөн берки союздаш мамлекеттери Россияга каршы санкцияларды киргизип, анын дарегине сын айтуу боюнча Вашингтондун суранычын четке кагууда", — деп жазылат макалада.
Макаланын автору көп мамлекеттер коммерциялык кызыкчылыктан, стратегиялык амбициядан улам же соода өнөктөшүн жоготуп алуудан коркуп Россияга карата сын айтуудан жана чектөө чараларын киргизүүдөн баш тартып жатканын кошумчалаган.
Анын айтымында, Жакынкы Чыгыш менен Түркия АКШнын 2003-жылы Ирактагы согушун, 2011-жылы НАТОнун Ливияны бомбалоосун эске алып, Батыштын Украинага болгон позициясын эки жүздүүлүк деп эсептешет.
Автор Европанын Украина качкындарын Сириянын качкындарына салыштырмалуу жылуу кабыл алганы кыжырды келтирерин белгилеп, мындай саясатка араб өлкөлөрү нааразы экенин кошумчалаган.