Жекшембиге карата аба ырайы

17-апрелде абанын температурасынын жогорулашына байланыштуу тоолуу райондордо кар көчкү түшөт. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 16-апр. — Sputnik. Жекшембиде республика боюнча жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй облусунда +24…+29, Талас жеринде +23…+28, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +25…+30, Ысык-Көл, Нарын өрөөндөрүндө +18…+23 градус жогорулайт.
Күндүн табы Бишкекте +27…+29, Ош шаарында +28…+30 градус болот.
Жаан жаайбы? Дем алышка карата аба ырайы