Бишкек таштандыда калды! Вице-мэр Ырсалиев "Тазалыкчыларды" ишке чыгууга чакырды

Калаа башчысынын орун басары Бишкекти таштандыга бастырып коюп жүрөк чыдап отурбаш керектигин айтты.
Sputnik
БИШКЕК, 16-апр. — Sputnik. Бишкектин вице-мэри Жамалбек Ырсалиев "Тазалык" муниципалдык ишканасынын кызматкерлеринен тезирээк жумушка чыгууну суранды.
Эске салсак, ишкананын кээ бир кызматкерлери мурдагы жетекчисин кайра дайындоо талабын коюп митингге чыккан. Алар улам башчылар алмашып, анын айынан айлык акы кечиктирилип, техниканын тетиктерине акча бөлүнбөй жатканын айткан.
"Урматтуу "Тазалык" ишканасынын айдоочулары жана жүк жүктөгөн кызматкерлери! Сиздерден сураныч! Тезирээк жумушка чыгыңыздар. Болбосо сиздин ордуңузга иштей турган башкалар чыгышсын. Бишкек шаарын таштандыга бастырып коюп жүрөгүбүз чыдап отурбашыбыз керек. Сиздер койгон талаптарга макул болдук. Директорду иштетпейбиз деген туура эмес. Ага иштегенге мүмкүнчүлүк бериш керек. Сиздер да кошумча акча табасыздар. Элдин баары билет. Убада боюнча иш алып баралы", — деген Ырсалиев.
Ал бардыгында үй-бүлө, бала-чака бар экенин, жумушту улантуу керектигин кошумчалады.
Бишкек мэриясы "Тазалык" муниципалдык ишканасынын кызматкерлеринин митингге чыгышы боюнча үн каткан. Анда мурунку жетекчиликтин 2019-2020-жылдагы ишинде мыйзам бузуулар аныкталганын, текшерүүнү Эсеп палатасы жана Бишкек мэриясынын Ички аудит башкармалыгы жүргүзгөнүн билдирген. Натыйжада "Тазалык" мамлекетке 139,6 миллион сомдук зыян келтиргени аныкталган.
Бишкектин айрым жерлеринде 21-апрель күнү суу өчүрүлөт