БИШКЕК, 16-апр. — Sputnik. АКШнын президенти Жо Байден өзүнө чейинки өлкө лидери Дональд Трампты Ак үйдөн кетирүү үчүн гана керек болчу. Мындай пикирин россиялык сенатор Алексей Пушков өзүнүн Telegram-каналында билдирди.
Буга чейин CNN телеканалы АКШ президенти Жо Байдендин ишеним рейтинги рекорддук деңгээлде төмөндөп кеткенин кабарлаган. Ушул аптада төрт уюм АКШ президентине ишеним деңгээли боюнча өздөрүнүн сурамжылоосунун жыйынтыгын жарыялады. Алардын бири ушул тапта Байденге элдин 41 пайызы гана ишенээрин айтса, дагы бири бул көрсөткүч 33 пайызда экенин билдирди.
"Байден президенттик тактыга келгенден бери мындай төмөн көрсөткүч болгон эмес. Бул нерсе Байден Трампты Ак үйдөн кетирүү үчүн гана керек болгонун дагы бир жолу далилдейт", — деп жазды парламентарий.
Ошондой эле Пушков Байденге элдин ишеними өтө эле төмөн болгондуктан, анын президенттигин ийгиликтүү деп айтууга болбойт деген пикирин кошумчалады.