БИШКЕК, 16-апр. — Sputnik. Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда чек ара тилкелерин тактоо иштери жай жүрүп жатат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров билдирди.
Ал эки мамлекеттин ортосунда жалпысынан 972 чакырым чек ара тилкеси бар экенин, анын 664 чакырымы такталып бүткөнүн, дагы 308 чакырымы калганын белгиледи.
"Албетте, иш тез жүрүп, баарын эртерээк такташып алсак жакшы болмок. Бирок, менин көз карашымда, иш жай жүрүп жатат. Себеби бир топ тилкелерде талаштуу жерлер калды. Эң негизгиси тынчтык болсо баарын эки тараптуу кызыкчылыкты эске алуу менен чечишип алабыз", — деген Жапаров социалдык тармакка жазган постунда.
Кыргыз-тажик чек арасында ок атышуу менен коштолгон соңку окуя 12-апрелде катталды. Чырдан кийин эки тарап үч жолу жолугушуу өткөрүп, кырдаалды жөнгө салуу үчүн макулдашууларга кол коюлган.